Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Демилгечилер интернет тууралуу мыйзамды артка чакыртып алды


Интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору артка чакыртылып алынганын анын авторлорунун бири, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлгандан кийин көптөгөн сын-пикирлер болгон. Ошондуктан, мыйзамдын демилгечилери бүгүн кеңешип, аны ушул мазмунунда артка чакыртып алууну чечишкен:

- Биз мыйзам долбоорун кайрадан талкуулап чыгабыз. Мыйзам долбоорунун максаты коомчулукту жалган, чагымга негизделген маалыматтардан сактоо болчу. Биз бул мыйзамды блогерлер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен чогуу отуруп, кайрадан талкуулап чыгып, жаңы форматта жана мазмунда кайра жазып чыгабыз.

Парламент интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоорун 3-мартта коомдук талкууга койгон. Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында ал өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө жол ачат деген пикирлер айтылган.

Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору боюнча, бир күн аралыгында баракчасына миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары "блогер" деп аталат. Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, электрондук дарегин жазууга милдеттүү болмок. Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды берүүгө милдеттендирилмек. (ZKo/BkA)

XS
SM
MD
LG