Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Украина эл аралык Гаага сотуна кайрылды


Украина эл аралык Гаага сотуна кайрылып, Орусиянын Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоосун токтотууну жана Крымды кайтарууну өтүнгөн.

Киев тарабынан январда берилген арыз боюнча угууларды Улуттар Уюмунун жогорку соту 6-мартта баштады. Эл аралык сот мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды карайт. Андай иштерди кароо кээде жылдарга созулат. Соттун чечими акыркы чечим деп чыгарылат, бирок аны аткарууга мажбурлоочу мүмкүнчүлүк жок.

Украина Орусия Улуттар Уюмунун конвенциясын бузуп, террорчулукту жана жикчилдикти колдойт деп айыптаган. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алган жана чыгыш Украинада куралдуу жикчилдерди колдоодо деп айыпталып келатат. Москва өз кезегинде чыгыш Украинага аскер жана курал-жарак жөнөттү деген айыптарды четке каккан. Батыш өлкөлөрү болсо Украинанын ички ишине кийлигишти деп, Орусияга каршы санкцияларды жарыялаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG