Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Орунбековдун иши боюнча прокуратура сотко кайрылды


Журналист Дайыр Орунбеков.
Журналист Дайыр Орунбеков.

Журналист Дайырбек Орунбековго карата Октябрь райондук соту чыгарган чечимге нааразылыгын билдирип, прокуратура Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Азырынча шаар соту ишти качан карары белгисиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" журналист Дайырбек Орунбеков маалымдады.

Дайырбек Орунбековго "сот чечимин аткаруудан баш тартып жатат" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, аны Октябрь райондук соту караган. 10-февралда аталган райондук сот Орунбековдун ишин ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскарткан.

Бирок ага карата шаардан чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүндө калды. Ошол эле кезде ага карата андан президенттин пайдасына 2 миллион сом өндүрүү боюнча сот чечими жокко чыга элек. Дайырбек Орунбеков сотто аталган айыппулду төлөөдөн баш тартпаганын айтып, аны мүмкүнчүлүгүнө жараша аз-аздан төлөп жатканын билдирген.

"Маалымат.кж" сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбеков 2010-жылкы июнь коогасына президент Алмазбек Атамбаевдин катышы бар деген маалыматтары үчүн Башкы прокуратура ага иш козгогон. Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту журналистти айыптуу деп таап, 2 млн сомдук доого жыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG