Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Орусияда видеотасманы бөлүшкөнү үчүн соттолгон аял бошотулду


Жаш баланы кордогон видеотасманы бөлүшкөнү үчүн кесилген бала бакчадагы тарбиячы Евгения Чудновецти Курган облустук соту 6-мартта бошотту. Екатеринбург шаарындагы бала бакчада иштеген Чудновец беш айга эркинен ажыратылган эле. Орусиянын Жогорку Соту ишти кароону Курган облустук сотуна 28-февралда жөнөткөн. Евгения Чудновец баланы кордогон видеотасманы "Вконтакте" социалдык түйүнүндө август айында бөлүшүп, ноябрда кесилген. Чудновец сотто видеотасманы баланын кордолушуна көңүл бурдуруу үчүн бөлүшкөнүн билдиргенине карабай, сот айыптоо чечимин кабыл алган. Евгения Чудновицтин күйөөсү Андрей Мясниковдун билдирүүсүнө караганда, аялы бүгүн-эртең түрмөдөн бошотулат. Анткени соттун чечими абакка жөнөтүлдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG