Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Бишкекте өкмөт башчылар ЕАЭБ талаптарын талкуулашат


Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.

Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков жана Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков кеңири жана тар чөйрөдө экономикалык орчун маселелерди талкуулашат. Бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьерлердин баары Бишкекке 6-мартта келишкен.

Өткөн аптада Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши вице-премьерлердин деңгээлинде чогулган. Бүгүн Бишкекте өтө турган саммиттин күн тартиби ошондо кабыл алынган. Негизги маселе катары уюмга мүчө өлкөлөрдө азык-түлүк же башка каражаттарды иштеп чыгарууда жана сатууда бирдиктүү талаптар каралмакчы.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Бирок уюмдун кээ бир талаптарын аткарууда кемчиликтер бар экенин өкмөт өзү да белгилеп келет.

Саммитке байланыштуу 6-7-март күндөрү Бишкектин негизги көчөлөрүнө унаа кыймылына чектөө киргизилери эскертилген. (SE)

XS
SM
MD
LG