Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Бишкекте футболчу аялдар күнү белгиленет

Кыргызстандын футбол федерациясы бүгүн Эл аралык футболчу аялдар күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрөт. Аталган уюмдан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, баш калаадагы "Бишкек Парк" комплексинде көрүүчүлөр арасында сынактар, футболго байланыштуу суроо-жооптор уюштурулуп, мыкты катышуучуларга белектер берилет. Андан тышкары концерт тартууланат. 

Эл аралык футбол федерациясы 8-мартты "Футболчу аялдар күнү" деп жарыялаган.

Кыргызстанда аялдардын футбол командасы өлкө 1994-жылы түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG