Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:55

Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы каралат


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды Бишкек шаар соту 9-мартта карайт. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди.

Өмүрбек Текебаевди эки айга камоо чечимин Биринчи Май райондук соту 28-февралда чыгарган. Анын адвокаттары сот чечимин жокко чыгарып, Текебаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна кайрылышкан.

Айрым маалыматтар боюнча 9-март күнү Бишкек шаар сотунун алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митинг өткөрүүсү күтүлүүдө.

"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча айыпталган Өмүрбек Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Анын ишин Коопсуздук кызматы тергөөдө.

"Ата Мекен" партиясы өзүнө козголгон кылмыш ишти бийликтин жалган жалаасы, саясий куугунтук деп билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG