"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Евразия экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды.
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын күтүп алды. Жыйын Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына жаңы мүчөнү Башкы кеңешке тааныштыруудан башталды.
Жыйындын күн тартиби боюнча экономикалык биримдиктин аймагындагы аткезчилик менен келген товарлардын агымына каршы чараларды киргизүү маселеси карала турганы белгилүү болду. Андан соң Евразия экономикалык биримдиктин интеграциялык мүмкүнчүлүгү бар тармактары жана аларды колдонуу чаралары боюнча маселе карала турганы күн тартибине киргизилген.
Евразиялык экономикалык комиссиянын күн тартиби боюнча 2015-2016-жылдардагы уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы боюнча жыйынтык чыгарыла турганы да белгилүү болду.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Бирок уюмдун кээ бир талаптарын аткарууда кемчиликтер бар экенин өкмөт өзү да белгилеп келет.