Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Президент ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолукту


 Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектеги саммитке чогулган Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолукту.

Жолугушууда президент Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны ЕАЭБдеги негизги маселерди чсечүүдө маанилүү жана чыныгы аянтча болот деген ишенимин билдирген.

Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмеси өтүп жатат. Ага Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков, Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков катышып, ЕАЭБдеги орчундуу экономикалык маселелерди талкуулашууда.

XS
SM
MD
LG