Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын сотко берди


Бул тууралуу адвокаттардын бири Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" үналгысына билдирди. Анын айтуусунда, Башкы прокуратура адвокаттарды "президенттин аброюна шек келтирди" деп сотко берген. Токтакунова сот болуучу күн да аныкталганын маалымдап, адвокаттардын ишин 16-мартта Октябрь райондук соту карай турганын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин аброюн коргоп, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын үстүнөн сотко кайрылгандыгын Башкы прокуратура да тастыктады.

1-мартта "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз журналисттерге маалымат жыйынын куруп, Өмүрбек Текебаевди быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача-СУ айылында кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин көрсөткөн маалыматтар болгонун айтып чыккан. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди аталган маалыматтарды жарыялаганга жеткирбей камашты деп билдиришкен.

Бирок түрк элчилиги Кыргызстанда АСТ компаниясына таандык учактагы жүктүн ээси тууралуу жасалма документтерге негизделген маалыматтар тараганы айтылып, бул маалыматтарды олуттуу кабыл алууга мүмкүн эместигин билдирген. Элчилик 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде кыйраган учакты Кыргызстандагы күнүмдүк саясий талкууга айландырып, ага Түркия мамлекетин да тартууга аракеттер болуп жатканына өкүнүчүн билдирген.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов юристтердин билдирүүсүн карандай калп деп атаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG