Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Мосул: өкмөттүк имараттар ИМден бошотулду


Мосул шаарын экстремисттер 2014-жылы басып алышкан.
Мосул шаарын экстремисттер 2014-жылы басып алышкан.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү шейшембиде Мосул шаарынын батышындагы бир нече өкмөттүк мекемелерди согушкерлерден кайтарып алды.

Шейшембиде Ирактын коопсуздук күчтөрү Мосулдагы борбордук банктын бөлүмүн согушкерлерден кайтарып алды. Алар ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун уюгуна айланган имаратты да бошотту. Бул тууралуу Ирак аскерлеринин маалымат катчысы билдирди.

Радикал уюмдун казысы отурган дал ушул имарат анда адамдарды таш бараңга алуу, колун кесүү, тамдын чатырынан ыргытуу сыяктуу үрөй учурган өкүмдөр чыгып турганы менен белгилүү болгон.

Ниневия провинциясынын негизги административдик мекемелери жайгашкан аймакка Ирактын коопсуздук күчтөрү түн ичинде чабуул жасап, бир саатка созулган кагылышуулардын натыйжасында согушкерлерден тазалашканын аскерлердин маалымат катчысы лейтенант Абдел Амир Ал-Мухаммедави 7-мартта билдирди. Болжол менен ондой экстремист жок кылынган.

Шейшембидеги чабуул өкмөттүк аскерлерге эски шаардын тар көчөлөрүнө чабуул баштоого жол ачканын генерал Шакерал-Кафаджи кабарларды:

- Каршылык көрсөтүп жатышат. Бирок душмандар кыйла алсырап калышты.

Эски шаар Тигр дарыясынан жээгинде жайгашкан. Армия ошондой эле дарыянын үстүнөн өткөн беш көпүрөнүн экөөн да өз карамагына алууга жетишти. Көпүрөлөрдүн баары бузулган.

Мосулдан качууга аргасыз болгондор.
Мосулдан качууга аргасыз болгондор.

- Экстремисттер бизди каалагандай кыйнап, адам баласынын оюна келбеген запкыларды көрсөтүп, ар кандай сыноолордон өткөрүштү. Тамак беришкен жок. Адам укуктарын, мектеп дегенди айтпай эле коелу, - деп айтты Мухаммад Хасан. Ал Мосул шаарынын батыш бөлүгүндө өкмөттүк күчтөр менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш күчөгөндөн бери үй-жайын таштап башка жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон кырк миңдей адамдын бири. Ал дээрлик үч жылга жакын экстремисттик уюмдун карамагында өткөн жашоосун айтып берди.

Мухаммад Хасан сыяктуу үй-жайын таштап качкандардын саны соңку күндөрү кескин жогорулашы мүмкүндүгүн Эл аралык миграция уюму ырастоодо.

Ал тапта эл аралык уюмдар качкындарды кабыл алуучу убактылуу жайлар толуп калганын айтып, коңгуроо кагышууда. Улуттар уюмунун эсептөөсүнө караганда, үй-жайын таштап, бозгунга айлангандарын саны 400 миңге жетиши ыктымал.

Мосулдун батыш тарабын тазалоо операциясынын экинчи этабы 19-февралда башталган. Шиит кошуундары, күрт куралдуу түзүмдөрүнүн жана АКШ башында турган коалициянын авиациясынын жардамы менен Ирак армиясы бир ай мурда Мосул шаарынын чыгыш бөлүгүн толук өз көзөмөлгө алган. “Ислам мамлекети” радикал уюму шаарды 2014-жылы басып алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG