Жогорку Нарын каскады долбоору боюнча аудит жүргүзүүгө 300 миң доллардан 1 млн долларга чейин каражат сарпталат. Кыргыз тарап аудиттин чыгашасын чогуу көтөрүүнү Орусияга сунуштаган. Азырынча Орусия тараптан жооп жок. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев журналисттерге маалымдады.
Калиевдин сөзү боюнча аудитти эл аралык уюм жүргүзөт.
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерин аткарганы менен Орусиядан иш ыраатында жүрбөй токтоп калгандыктан Кыргызстан макулдашууну денонсациялаган.
Өткөн айдан тарта Орусия долбоорго жумашаган 37 млн долларын доолай баштады.(ZKo)