Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

"Мегакомдун" баштапкы баасы 13,5 млрд сом


"Мегаком" компаниясы мурунку аукциондо сатылбай калгандан кийин ишкананын баасы кайра каралган. Кайрадан баалоо процессине атайын комиссия катышып, "Альфа телеком" компаниясынын аукционго коюлуучу баштапкы баасын 13,5 млрд сом деп бекиткен. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков маалымдады:

-Комиссия бекиткен баштапкы баа тууралуу маалымат 3-мартта "Эркин тоо" газетасына жарыяланды. Эми "Мегакомду" сатып алууну каалоочулар чыкса, 3-июнда аукцион өтөт.

"Мегаком" ишканасы 2010-жылы апрель окуясынан кийин мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн. Кийинчерээк компанияны жеке менчикке чыгаруу зарылчылыгы жаралып, бир нече жолу аукционго коюлуп, сатып алууну калоочулардын жоктугунан аукцион болгон эмес.

"Мегаком" деген бренд катары таанымал болгон «Альфа Телеком» компаниясы өткөн жылы 14 млрд 255 млн 250 миң сомго бааланган болчу.

Ишкана акцияларынын 100 пайызы тең мамлекетке таандык. Өкмөт аны сатуудан түшкөн каражат стратегиялык жолдорду оңдоого, жол курууга сарптала турганын айтып келет.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG