Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 8-мартта маалымат жыйынында кырдаалды жөнгөрүү үчүн биринчи кадам катары Түндүк Кореяны ядролук жана ракеталык сыноолорун токтотууга, ал эми АКШ жана Түштүк Кореяны биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрбөөгө чакырды:
-Биринчи кадам, Түндүк Корея ядролук активидүүлүгүн, АКШ жана Түштүк Корея кеңири масштабдагы аскерий машыгууларын токтотууга тийиш. Эки тарап тең токтоп, азыркы түзүлгөн коопсуздук дилеммасын бузбай, бардык тараптар сүйлөшүүнү кайра жандантууга аракет жасаш керек. Андан кийин эки жолдуу стратегияга таянып, жарым аралды ядролук куралдан тазалоо жана бардык тараптын тынчсыздануусун чече турган механизмди түзүүгө кирише алабыз.
Түндүк Корея 6-мартта төрт ракетасын сынап, анын үчөөсү бир миң чакырым аралыкка учуп барып Жапония сууларына түшкөн. Пхеньян ракета сыноосун АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскерий машыгууларына жооп деп атаган. 7-мартта АКШ Түштүк Кореяда абадан коргонуу системасын жайгаштыра баштады. (AiT)