Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Кыргызстан менен Казакстандын жаш футболчулары тең ойношту


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19). 7-март, 2017-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19). 7-март, 2017-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) казакстандык курдаштары менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн 7-мартта Алматы шаарында болду. Кыргыз тарапка таандык голду Арлен Шаршенбеков киргизди.

Башкы машыктыруучу Марат Израиловдун шакирттери 10-мартта Казакстандын “Кайрат” футболдук академиясынын 18 жашка чейинки тарбиялануучулары менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт.

Бул оюндар үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Кыргызстанда боло турган Азия чемпиондугуна даярдык катары өтүп жатат. 2-мартта Бишкектеги футбол борборунда башталган Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын окуу машыгуусу 13-мартта аяктайт. Команданын катарына “Ала-Тоо Дордой”, “Дордой-2”, “Алга”, “Кара-Балта”, “Алга”, “Кочкор-Ата” клубдарынан 16 жаштан 18 жашка чейинки жаш оюнчулар чакырылган. (ECh).

XS
SM
MD
LG