Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:28

Кабулдагы аскерий госпиталга кол салууда 30дан көп киши өлдү


Кол салуу болгон оорукананын жанында турган аскерлер.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 8-марттагы чабуулдан каза болгондордун саны 30дан ашып, ондогон адамдар жарадар болду. Чабуулга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алды. Маалыматка караганда, жанкечти 400 орундуу госпиталдын арткы эшигинин жанында өзүн жардыргандан кийин дарыгерлердей кийинген үч жоочу ичкери кирип барып, ооруканадагыларга кол салган. Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Давлат Вазири отуздан көп киши өлүп, элүүдөйү жарадар болгонун маалымдады.

Жоочулар менен кармаш госпиталдын кабаттарында уланган. Алар госпиталдын чатырына конгон тик учактан түшкөн атайын багыттагы аскерлер тарабынан жок кылынды. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму алып, аны "Амак" маалымат каражаты аркылуу кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG