Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

НАТО жана АКШ Косовонун армия түзүү аракетине тынчсыздануусун билдирди


Косово президенти Хашим Тачи.
Косово президенти Хашим Тачи.

Мындай кабатырлануу Косово президенти Хашим Тачи жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн куралдуу күчтөргө айлантууну өз парламентине сунуштагандан кийин айтылды. Президент 7-мартта парламентке жолдогон мыйзам долбоорунда “Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн армияга айлануусу эгемен жана көз карандысыз мамлекеттин нормалдуу кадамы” деп айтылган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп, бир тараптуу түрдө андай кадамдарды жасоо пайдасыз” деп 8-мартта билдирди. Столтенбергдин айтымында, андай аракет токтотулбаса, НАТО Косовонун коопсуздук күчтөрү менен кызматташууну кыскартууга барышы ыктымал.

Учурда НАТО Косово коопсуздук күчтөрүн жабдуу жана машыктыруу жагында иш алып барат. Косовонун куралдуу күчтөрдү түзүү кадамына Сербия жана Косовдогу сербдер да каршы чыгышты. Косово өкмөтүндөгү вице-премьер-министр, этникалык серб Бранимир Стоянович коопсуздук күчтөрүн армияга айлантуу Конституцияга каршы келерин, бул маселе боюнча президент Тачи серб лидерлери менен кеңешпегинин маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG