Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Муфтият ажылыкка каттоо токтотулганын билдирди


Кыргызстандан "Ажылык-2017" зыяратына барчуларды каттоо токтотулуп, сапардын камылгалары башталганын Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

Каттоо иштери 6-мартта аягына чыгары, бирок айрым жарандар жетишпей калгандыктан, бир аз узартуу маселеси каралып жатканы маалымдалган эле. Башкармалыктын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, тизмеге алуу ошол эле күнү токтотулду.

Ажы болуу ниетиндегилерди каттоо бир ай бою өлкөнүн 32 жеринде жүрдү.

Сауд Арабия өкмөтү берген квота менен быйыл Кыргызстандан 4585 адам ажыга барат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп. Алгачкы топ болжол менен 5-6-августтарда жөнөйт.

Ажыларды Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясынын учагы ташыйт. Тендерде ушул уюм тандалган. Ал эми зыяратчыларды алдын ала эмдөө иштери 1-майда башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG