Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Ажылыкка каттоону узартуу каралууда


Кыргызстандан ажыга баргандар. 2012-жыл.
Кыргызстандан ажыга баргандар. 2012-жыл.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2017-жылы ажыга барчу кишилерди каттоону аяктоодо.

Кыргызстандан быйыл ажылыкка барчулардын алгачкы тобу Сауд Арабияга болжол менен 5-6 августта жөнөшөт. Муфтият бул жылы 4585 кишини зыяратка алып барууга камынууда.

6-февралда Кыргызстандын 32 жеринде бир айлык каттоо иштери башталган. Ажылыктын баасы 2600 доллар деп чечилген. Ажыларды ташуу боюнча уюштурулган тендерде Сауд Арабиянын "Флай Нас" авиакомпаниясы тандалган.

Муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов бул жаатта аткарылып жаткан иштер тууралуу "Азаттык" радиосуна маалымат берди.

"Азаттык": Акимжан мырза, быйыл ажыга барууну каалаган жарандарды каттоо 6-мартта аяктайт деп айттыңыздар эле. Баары пландагыдай эле болдубу?

Кааба. Мекке шаары.
Кааба. Мекке шаары.

Эргешов: 2017-жылга ажылыкты уюштуруу штабы каттоо иштерин 6-февралдан 6-мартка чейин деп белгилеген. Бул убакыттын акыркы эки күнү 4-5-мартка - дем алыш күндөргө туш келип калды. Төлөмдөрдү кабыл алуу 6-мартка чейин эле жүргүзүлөт деп маалымат бергенибиз үчүн, банк акча кабыл алууну токтотту. Бирок айрым жарандарыбыз жетишпей калганын айтып жатышат. Биз мөөнөт аяктап жатканда зыяратка камынгандарды шаштырдык, тилекке каршы, кээ бирлери үлгүрбөй калышты. Банктын бөлүмдөрү бардык аймакта болгону менен, төлөм кабыл алуу түштөн кийин саат үчкө чейин эле жүрөт экен.

Ажылыкты уюштуруу штабы 6-мартта жыйын куруп, ушул маселени талкуулайт. Каттоо мөөнөтүн дагы бир аз узарталы деп турабыз. Айрыкча, өлкөнүн түндүк аймагында каттоого жетишпей калгандар көп. Түштүк облустарында көйгөй деле жок.

"Азаттык": Кайсыл банк жана кандай төлөм жөнүндө сөз кылып жатасыз азыр?​

Эргешов: Ажылыктын жалпы баасы 2600 АКШ доллары деп чечилген. Зыяратка аттангандар баа башы катары анын 400 долларын РСК банкта ачылган атайын эсепке которушу кажет. Андан тышкары, кагаз иштерине, каттоо жумуштарына деп 500 сом төгүшөт.

"Азаттык": Быйыл Кыргызстандан 4585 адам ажыга барат деп айтылган. Каттоого алынгандардын саны канча болду азыр?

Эргешов: Так айта албашым мүмкүн, бирок 4500дөн ашты.

"Азаттык": Каттоого алынгандар жыл сайын чүчүкулак менен тандалып, анан зыяратка барат эмеспи. Быйыл да ошондой болобу?

Эргешов: Мурда талаптагыдан көп адам катталса, чүчүкулак аркылуу зыяратка барчу кишилер тандалган. Ал эми быйыл электрондук кезек аркылуу барышат. Талапкерлер кайсыл мезгилде келип акчасын төккөнү боюнча сааттык көрсөткүчтүн негизинде тандалат. Квоталык орундар аймактардагы элдин санына карата иштелип чыкты. Бул бөлүштүрүү статистикалык комитеттин эсебине ылайык жүргүзүлдү.

"Азаттык": Электрондук кезеги жетпей, ажыга баралбай калгандардын алдын ала төлөгөн акчасы кайтарылабы?

Эргешов: Албетте. Бирок ажылык үчүн берилген 400 доллар гана кайтарылат. Ал эми 500 сом - кагаз иштерине, уюштуруу маселелерине байланыштуу чыгымдын акчасы болгондуктан, ал кайра берилбейт.

"Азаттык": Зыяратчылар алдын ала милдеттүү медициналык эмдөөдөн өтүшү керек эмеспи. Дары-дармек алып келүүгө фармацевтикалык ишканалар арасында сынак жарыяланды эле. Анын жыйынтыгы эмне болду?

Ажыга барган зыяратчылар. 2014-жыл.
Ажыга барган зыяратчылар. 2014-жыл.

Эргешов: Сынактын жыйынтыгын 6-мартта талкуулайбыз. Ажыларга бериле турган вакцинацияны сатып алуу боюнча түшкөн арыздарды карап, чечим кабыл алынат.

"Азаттык": Дары алып келүүгө канча мекемеден арыз түштү?

Эргешов: Мендеги 5-мартка карата маалымат боюнча бир эле уюмдан арыз келди. Анткени биз бир топ талаптарды койгонбуз. Эл аралык бүт эрежелерди сактаган, дары-дармек ташуу боюнча тажрыйбасы мол компаниялар катышуусу керек. Аны аткарууга башка компанияларда шарт болбоду окшойт.

"Азаттык": Арыз берген жалгыз компания кайсыл?

Эргешов: Ал "Фарватер" ишканасы. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ишмердик жүргүзүп жаткан фармацевтикалык ишкана.

Буйруса, быйыл ажылык сапар болжол менен 5-6-августта башталат. Зыяратчыларды Сауд Арабиянын "Флай Нас" авиакомпаниясы ташыйт. Бул компания тендерде утуп алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG