Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Тикрит калаасындагы тойдогу жардыруу ондогон өмүрдү кыйды


Ирактын Тикрит шаарынын четиндеги той салтанатында жардыруудан бери деген 30 киши каза тапты. Дагы 26 адам жараат алды. Полициянын шаршембинин кечинде тараткан маалыматына ылайык, эки жанкечти бомба байланган белкурду жардырышкан.

Азырынча бул каргашага эч кайсыл топ жоопкерчилик ала элек. Бирок ушул өңдүү кол салууларды буга чейин "Ислам мамлекети" радикал уюму Мосул шаарында уюштурган.

Ал тапта Ирактын өкмөттүк күчтөрү аталган калааны жоочулардан тазалоо аракетин улантууда. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG