Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Никитенко: Парламент күчтүү ой-пикирлер айтылчу аянтча


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко айрым кесиптештерине жооп кылып, парламент унчукпас болбошу керектигин 9-марттагы жалпы отурумда билдирди. Парламенттик демократиянын негизи күчтүү оппозиция деп белгиледи:

-Эгер сиздер парламент түрдүү пикирлер айтылбай турган жер деп эсептесеңиз, жаңылышасыз. Парламентте бийликке ыңгайсыз суроолор берилип, күчтүү ой-пикирлер, сунуштар айтылышы керек. Керек болсо, эмне үчүн Кыргызстан кайрадан жакыр өлкөлөрдүн катарына кирип калды, эмне үчүн сот, милиция реформаланбайт деген суроолорго так ушул аянтчадан, парламенттен жооп берилүүгө тийиш.

Парламенттин бүгүнкү отурумунда Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Данияр Аттокуров "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди "парламентти тарап кетүүгө чакырды" деп айыптап, фракциянын Жогорку Кеңештен чыгып кетүүсүн сунуштаган.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 1-мартта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча маселе каралып жаткан учурда парламент курч маселелерди талкуулай албаса, анда тарап кеткени жакшырак деген пикирин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG