Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылыгын билдирди


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында отурган Өмүрбек Текебаев өзүнө барып жолугуп, абалын, ден соолугун сурап, атайын кабар алганы үчүн парламент төрагасына жана фракция лидерлерине ыраазычылыгын билдирди. Текебаев буга спикер жана фракция лидерлери парламенттик жоопкерчиликти түшүнүү менен, өзү УКМКнын абагында жатса дагы парламенттик фракциянын лидери экенин четке какпай, бул маселеге кылдат мамиле кылганы үчүн барышты деп эсептейт. “Ата Мекен” партиясынын лидери ыраазычылыгын ЖК төрагасына, фракция лидерлерине жана парламент депутаттарына жасаган кайрылуусунда камтып кеткен.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана парламенттеги төрт фракциянын лидери өткөн жумада камактагы Өмүрбек Текебаевге жолугуп чыгышкан. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов барган эмес.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнүндө кармалган. Биринчи Май райондук соту 27-февралда эки айга камаган.

Ага Башкы прокуратура “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Текебаев өзү муну “бийликтин жапкан жалган жалаасы” деп билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG