Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Юта штатынын мурунку губернатору АКШнын Орусиядагы элчиси болот


Жон Хантсман.
Жон Хантсман.

АКШнын маалымат каражаттарынын кабарлашынча, мурунку губернатор Жон Хантсман Ак үйдүн Орусияга элчи болуу сунушун кабыл алды. Конгресс жана ФБР Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеп жаткан учурда өтө маанилүү жана кылдаттыкты талап кылган элчилик кызматка президент Дональд Трамп Хантсманды дайындамакчы.

Хантсман 2012-жылы Республика партиясынан президенттикке талапкер болууга күрөшкөн. Жорж Буш президент болуп турганда Сингапурда, Барак Обаманын мезгилинде Кытайда АКШнын элчиси болгон. Өткөн жылкы президенттик шайлоо жарышында Дональд Трампты сынга алып, анын аялдарга карата одоно мамилеси үчүн шайлоодон четтешин талап кылган. Бирок андан бери президент менен мамилесин оңдоп, экөө тил табышканы кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG