Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Ала-Тоо аянтында Текебаевди бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат


Митингге көз салып турган милиция кызматкерлери.
Митингге көз салып турган милиция кызматкерлери.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгаруу талабын койгон 50 чакты адам ушул тапта Бишкектеги борбордук аянтта турушат. Ошондой эле дагы 50 чакты киши Бишкек шаардык сотунун алдына топтолду.

Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, шаар сотунун имараты толугу менен милиция кызматкерлеринин курчоосуна алынган. Аталган сотто бүгүн саат 16:00дө "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз каралат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 27-февралда "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен козголгон кылмыш иши боюнча, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Алардын адвокаттары сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна кайрылышкан. (SDz/ZKo)

XS
SM
MD
LG