Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Текебаевдин баш коргоо чарасы Аскер сотунун мурдагы имаратында каралат


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту Аскер сотунун мурдагы имаратында карайт. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын штабынан "Азаттыкка" билдиришти.

Учурда Ахунбаев жана Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы Аскер сотунун жанында турган кабарчыбыздын айтымында, аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, милиция катуу кайтарып турат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду сотко азыр алып келген-келбегени белгисиз.

27-февралда Биринчи Май райондук соту да ушул эле имаратта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Буга макул болбогон алардын адвокаттары шаардык сотко кайрылышкан. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды Бишкек шаардык соту бүгүн, саат 16:00дө карайт деп кабарланган.

Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнүндө кармалган. Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Текебаев өзү муну “бийликтин жапкан жалган жалаасы” деп билдирип келет. (SDz/ZKo)

XS
SM
MD
LG