Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Базар-Коргондогу митингчилер жол тосууга аракет кылышты


Митингчилердин райондук акимчиликке жөө жүрүшү.
Митингчилердин райондук акимчиликке жөө жүрүшү.

Өмүрбек Текебаевдин камактан бошотулуусун талап кылып, Бишкек-Ош жолунун боюнда турган митингчилер бүгүн магистралды тосууга аракет кылышты. Бирок милиция жол бууганга мүмкүнчүлүк берген жок.

Бишкек-Ош жолунун Акман участогуна 28-февраль күнү боз үй тигилип, анда Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери анын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен турушат. Бүгүн митингчилердин бир бөлүгү боз үй тигилген жол боюнан райондук акимчиликке чейин жөө жүрүш жасоого аракет кылышты. Бирок милиция аларды акимчилик имаратына жеткирбей жолун тосуп койду.(RsK)

XS
SM
MD
LG