Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Кунакунов карцерге камалып, кыйноого салынганын билдирүүдө


Максат Кунакунов
Максат Кунакунов

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакунов өзүн 5 күн карцерге камап, кыйнашканын айтып берген видео интернетке тарады. Аны Кунакуновдун абалынан кабар алуу үчүн киришкен “Кылым шамы” укук коргоо уюму менен Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү 7-мартта тартышкан.

“Кылым шамынын” жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтуусунда, Кунакуновдун адвокаты 1-тергөө абагынын жетекчисине, Башкы прокуратурага, Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасына жана атайын прокурорго арыз жазды.

Анда Кунакуновдун өмүрүнө коркунуч бар экени, мындан улам коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы көрсөтүлөт.

Абдирасулованын билдиришинче, айыпкер "сыртта өтүп жаткан митингге колдоо көрсөтүп жатасың" деген себепте карцерге камалган.

Анын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды Жаза аткаруу кызматы жокко чыгарууда.

Экс-депутат Максат Кунакунов 2014-жылы "Жаштар өкмөтү" кыймылын түзүп, Бишкекте куруптай өткөргөн. Анда бийликти кескин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

2015-жылы жайында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар менен камакка алынган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, буга чейин да УКМК тергөө абагында кыйноолорго дуушар болгонун ачыкка чыгарган.

XS
SM
MD
LG