10-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, кээ бир жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 0...5 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 0..5 градус жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7 градуска чейин суук, күндүз 1...6 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз -2…3 градуска жылыйт.
Нарында түнкүсүн -18…-23 градуска чейин төмөндөп, күндүз -3…-8 градус суук.
10-мартта Бишкек шаарында кез-кез кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7° суук, күндүз 0...2° жылуу болот.