Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Өзбекстандагы бардык бала бакчалар текшерилүүдө


Сурхандарыядагы бала бакчалардын бириндеги видеого тартылып калган окуя
Сурхандарыядагы бала бакчалардын бириндеги видеого тартылып калган окуя

Сурхандарыя облусундагы 23 бала бакчада күндүз балдарга зомбулук көрсөтүлүп, түнкүсүн бул жайлар “сойкуканага” айлантылган деген кабардан кийин Өзбекстандагы бардык бала бакчалар текшерүүгө алынды. Бул үчүн атайын өкүлдөр дайындалганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты.

Элге билим берүү министрлигинин кызматкеринин айтымында, текшерүүнү тартип коргоо органдарынан куралган топ жүргүзүүдө. Мындан тышкары акимият жана Билим берүү министрлиги да текшерүүгө аралашкан.

Атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, текшерүүнүн алгачкы эки-үч күнүндө эле беш-алты облустагы билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери ишинен бошотулган.

Облустук администрациянын маалыматында, Сурхандарыядагы текшерүүдөн кийин мектепке чейинки билим берүү тармагындагы 17 жетекчи жана ондогон кызматкерлер жумушунан алынган. Бала бакчаларда иштеген дагы беш кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланат.

XS
SM
MD
LG