Каракол шаарындагы жолдорду жаңылоого быйыл республикалык бюджеттен 62 миллион сом бөлүнөт. Апта башында шаардык кеңештеги депутаттар Бишкекте өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, бул маселени талкуулашканын "Табылга" фракциясынан депутат Азамат Айтбаев "Азаттык" радиосуна билдирди.
-Өкмөттөгүлөр дагы башка булактарды да издеп, мындан көбүрөөк акча берүүгө аракет болорун айтышты. Маселе марттын экинчи бөлүгүндө чечилип, каражат июнга чейин бөлүнөт деген ишеним бар. Премьер-министр жакында келип, абал менен таанышып кетмей болууда.
Депутат Айтбаев белгилегендей, каражат берилгенден соң жол куруу иштерин аткарчу компанияларынын ортосунда тендер өткөрүлөт.
Адистердин эсебинде, Караколдогу жолдорду толук оңдоп чыгууга 375 миллион сом акча керек. (SE)