Кызматташуу келишимине 9-мартта Германиянын Бонн шаарында кол коюлду. Бул тууралуу Next TV телеканалынын жетекчиси Айбек Турдалиев "Азаттыкка" билдирди:
-Биздин телеканал мындан ары DW телеканалынын жаңылыктарын жана интервью программаларын кыргызстандык телекөрүүчүлөргө тартып берүүгө укук алды.
Next TV телерадиоканалы алгач Таласта аймактык көз карандысыз радио катары обого чыккан. 2013-жылдын апрель айынан тартып, телеканалы иштей баштаган.(ZKo)