Кыргыз фольклорунун жана классикалык музыка концерти Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Кауфман музыка борборунун Меркин залында өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" пианист Азамат Сыдыков маалымдады. Анын айтуусунда, концертте кыргызстандык жана америкалык музыканттар - пианисттер Кайра Кошоева, Жонатан Левин, опера ырчысы Николета Раллис, виоленчелист Нурмира Гринберг, комузчулар Перизат Көлбаева жана Эльвира Абдилова катышат.
- Көркөм жана билим берүү программалары аркылуу биз АКШдагы бардык улуттагы адамдарды кыргыздын маданияты жана тарыхы менен тааныштырып, ошол эле учурда эки өлкөнү жакындатуу максатын көздөйбүз,- деди пианист Азамат Сыдыков.(ZKo)