Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Президент милициянын реформасын талап кылды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 10-мартта ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Ички иштер министри Улан Исраилов мамлекет башчысына укук коргоо органдарын реформалоо алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Аталган реформа кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, милдеттердин натыйжалуу аткарылуусу жана жарандардын милицияга ишенимин көтөрүүгө шарт түзөт деп айтылган. Министр президентке өзгөчө өлкөнүн өтө тыгындуу жол тилкелеринде кыймыл коопсуздугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин реформасын натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын айтып, милиция өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиштигин эскертти.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Бир нече күн мурун жарандык активисттер Кыргызстанда сот, милицияны реформалоо үчүн эл аралык уюмдардан көп суммада акча алынганын, бирок реформанын натыйжасы жоктугун айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG