Буга чейин өлкө парламенти импичмент жарыялаган Пак Хын Кени президенттик кызматтан биротоло бошотууну караган расмий чечимди Конституциялык сот бүгүн чыгарды.
Өлкөнүн эң жогорку соттук органы бир добуштан чыгарган чечим Пак Хын Ке эми кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүндүгүн четке какпайт.
Муну менен 65 жаштагы Пак Хын Ке Түштүк Кореянын демократиялык жол менен шайланган президенттери ичинен кызматтан мөөнөтүнөн мурда четтетилген алгачкысы болду.
Ал президенттикке 2012-жылы шайланган эле. Анын мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирилишине Түштүк Кореяда тутанган коррупциялык жаңжал түрткү берди.
Президент эч бир расмий кызмат ээлебеген курбусу мамлекеттик иштерге аралашуусуна, ири компаниялардан күмөндүү кайрымдуулук корлоруна акча өндүрүүсүнө мүмкүндүк берген деп айыпталган.
Пак Хын Ке курбусун мамлекеттик ишке аралаштырганы үчүн коомчулуктан бир нече ирет кечирим сураганы менен кандайдыр бир кылмышка барганын четке каккан эле.
Президенттин кызматтан кетишин талап кылып бир нече апта бою жүз миңдеген адамдар катышкан нааразылык демонстрациялар да өткөн.
Түштүк Корея эми эки ай ичинде президенттик шайлоо чакырып жаңы мамлекет башчыны тандоосу керек. (UE)