Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:45

БУУ Украина чыгышында химиялык кырсык коркунучун эскертти


Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Баскут Тунчак 10-марттагы билдирүүсүндө белгилегендей, мындай коркунуч ири химиялык жана өнөр жай ишканалары жайгашкан аймактарда атышуулар жүрүп жатканынан улам жаралууда.

Маселен, 24-февраль күнү жети тоннадан ашуун хлор газы сакталган кампага артиллериялык снаряд тийген. Бирок контейнерлердин эч бири бузулган эмес. Анткен менен эгер 900 килограммдык контейнерлердин бири эле бузулса, БУУнун эскперти эскерткендей, 200 метрлик радиуста тургандардын баарынын өмүрүн кыят, ал эки жарым чакырымга чейинки алыстыкта тургандардын баарынын саламаттыгына оор залакасын тийгизет.

БУУнун билдирүүсүндө хлор газы сакталган кампа кайсыл жерде экени көргөзүлгөн эмес. Бирок мунун алдында ЕККУнун байкоочулар миссиясы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан Донецк суу чыпкалоо станциясына артиллериялык снаряддар тийгенин маалымдаган. Бирок артиллериядан ким атканын айткан эмес.

Украинанын өнөр жай ишканаларынын көбү өлкөнүн чыгышында жайгашкан. 2014-жылдын апрелинен бери бул жерде украин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдер ортосундагы атышуулардан 9750 адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG