Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

Путин менен Эрдоган Сирия боюнча кызматташат


Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Кремлде. Москва, 10-март, 2017-жыл.
Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Кремлде. Москва, 10-март, 2017-жыл.

Түркия жана Орусия президенттери Сирия жаңжалынын аягына чыгышына көмөктөшүүдө бирге иштешүү убадасын эки өлкөнүн карым-катышы оңолгону менен негиздешти:

"Биз Орусия мененТүркиянын атайын кызматтары, эки өлкөнүн аскерий мекемелери ортосунда жетишилген карым-катышты жогору баалайбыз", - деди Владимир Путин жума күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында.

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Сирия менен Ирактагы жаңжалды, Түркия менен Орусиянын экономикалык байланыштарын, анын ичинде энергия жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Режеп Тайып Эрдогандын Москвага бул сапары Анкаранын НАТО боюнча өнөктөштөрү жана Евробиримдик менен мамилеси чыңалып турган учурга туш келди. Акыркы эки жылда Орусия менен Түркиянын өз ара мамилеси начарлап барып оңолгон.

Сириядагы жарандык согушта Москва менен Анкара каршылашкан тараптарды колдоп келди.

2015-жылдын ноябрь айында Орусиянын аскерий учагынын Сирия менен чек арада Түркия тарабынан атып түшүрүлүүсү мамилени олуттуу бузган. Азыр болсо Түркия менен Орусия Сириядагы жаңжалды токтотуу боюнча Казакстанда башталган сүйлөшүүлөрдү колдоодо жана айрым учурларда аскерий операцияларын да координациялай баштады. (UE)

XS
SM
MD
LG