Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Депутаттар Улуттук университеттин ректору боюнча маселе көтөрдү


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулованы кызматтан алуу боюнча депутаттык комиссиянын чечими аткарылбай жатат.

Мындай маселени Социал-демократтар фракциясынын жыйынында депутат Евгения Строкова көтөрүп чыкты. Анын айтымында, депутаттык комиссия ректор Адамкулованын ишмердигин текшерүүдө көптөгөн кемчиликтерди тапкан. Мындан улам окуу жай жетекчисин кызматтан алууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштаган.

“Бирок аталган министрлик бул чечимди аткарууну создуктуруп жатат”, -деди Строкова.

Ал эми министр Гүлмира Кудайбердиева бул маселеде жеке кызыкчылыгы жоктугун жана министрлик чечим кабыл ала электигин билдирди.

Былтыр Улуттук университеттин бир катар мугалимдери аттестация учурунда жетекчилик мыйзам бузууларга барганын айтып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Мындан соң бул чыр боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иликтеп чыккан эле.

Университет жетекчилиги айтылган дооматтарды четке кагып, талапка жооп бербеген окутуучулар жумуштан бошотулганын айтып келет.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG