Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:53

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова жумуштан алдынды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Алмамбетова өзү ырастады. Анын айтымында, шаар мэри Албек Ибраимов эч бир себебин көрсөтпөстөн эле кызматтан кетүү боюнча арыз жазууну сунуштаган.

"Ибраимов мэрияга саясий технолог эмес, медиа адис керек деп билдирди. Мен да өз арызымды жазып бердим”, - деди Алмамбетова.

Гуля Алмамбетова Бишкек мэриясынын маалымат кызматын 2015-жылдын башынан бери жетектеп келген эле.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG