Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

АКШ: Чуркиндин өлүмүнүн себеби жарыяланбайт


АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркиндин өлүмүнүн себептери боюнча маалымат бербейт.

Бул тууралуу Мамдепартамент Нью-Йорктун соттук-медициналык кеңсесинен расмий түрдө өтүндү. Мындай чечимди АКШнын тышкы саясат мекемеси дипломаттын кол тийгистик макамы менен байланыштырып, ал көзү өткөндөн кийин да сакталарын белгилеген.

Виталий Чуркин 20-февралда 65 жашка чыгарына бир күн калганда Нью-Йоркто каза болгон. Орус тарап анын өлүмүнүн себебин жүрөк оорусуна байланыштырган. Бирок АКШнын соттук-медициналык экспертиза борбору дипломаттын өлүмү боюнча токсикологиялык жана гистологиялык экспертиза өткөрөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG