АКШ президенти Дональд Трамп Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббасты Израил менен мамилени талкуулоо үчүн Вашингтонго чакырды. Бул тууралуу АКШ президенти Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирди.
АКШ бийликтери Палестин автономиясы Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшү зарылдыгын белгилеп, бул сүйлөшүүдө Кошмо Штаттар эки тарап менен кызматташарын билдирген.
Палестина Трамптын Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга көрсөткөн колдоосунан улам кабатыр болгон. Нетаньяху Трапм менен телефон аркылуу утур-утур сүйлөшүп, президенттикке киришкен соң алгачкылардан болуп АКШга сапар менен келген.
Трамп Израилге колдоо билдирип келсе да көп жылдан бери чечилбей келаткан палестин маселесин жолго коюу үчүн сунушу бар экенин айтып, Израилди басып алган жерлерге үй салууну токтото турууга чакырган эле.
АКШ президентинин мындай сунушун Палестина автономиясынын жетекчилери колдоп чыккан.