Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Михайлов өлкөдөн чыгарылышын өз ишмердигине байланыштырды


Орусиялык Regnum маалымат агенттигинин Кыргызстандагы шеф-редактору Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Михайлов “Азаттыкка” буга чейин эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын жана аны өлкөдөн чыгарууга негиз жоктугун айтты.

Учурда Алматы шаарында турган Михайлов өлкөдөн чыгарууга байланыштуу эч кандай расмий түшүндүрмө албаганын кошумчалады.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин моюнуна алып, бирок ага жаза катары 10 миң сом айып салынышы керектигин кошумчалады.

“Мен бул айып пулду төлөөгө даярмын. Бирок акыркы окуяларды журналисттик ишмердигим менен байланыштырып жатам. Себеби, башка нерсе менен байланыштырууга мүмкүн болбой жатат”,- деди Михайлов.

10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.

Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG