Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Йеменде коалиция соккусунан 22 адам мерт болду


Йемен
Йемен

Йеменде Сауд Арабиясы жетектеген коалициянын абадан соккуларынан кеминде 22 жай тургун ажал тапты. Ондогону жараат алды.

Тик учактан атылган ракеталар Хоукка шаарчасындагы базарга түшкөн. Андан базарда өрт чыгып, бир топ адамдар жараат алды.

“Каза болгон адамдардын баары жөн-жай тургундар болчу. Алардын арасында куралчандар болгон эмес” деп билдирди аймактын бийлик өкүлү Хашим Азази.

Ал эми коалиция өкүлдөрү бул окуя боюнча комментарий берише элек.

Ходейда аймагындагы Хоукка шаары шииттердин хути козголоңчуларынын колунда турат. Иран колдоого алган бул козголоңчулар 2014-жылы Йемендин борбору Сананы басып алган соң президент Абд-Раббу Мансурду Сауд Арабияга качууга аргасыз болгон.

Сауд Арабия башында турган коалиция Йемендин сүргүндөгү суннит өкмөтүн калыбына келтирүү үчүн шиит хутилерге каршы урушту 2015-жылы мартта баштаган.

XS
SM
MD
LG