Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

12-марттын аба ырайы

Кыргызстан
Кыргызстан

Аба ырайы:

12-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5; 

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус суук;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус жылуу;.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 0…5 градус жылыйт. 

Нарында түнкүсүн -13…-18 градуска чейин төмөндөп, күндүз -3…-8 градус суук болот.

11-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү температурасы -4…-6, күндүзгү температурасы 1…3 градус жылуу болот.

 

XS
SM
MD
LG