Ош: бильярдды аялынан "коркпогондор" ойнойт
Ош шаарындагы бильярд залдарына качан кирбе эл толуп, бир да стол бош эмес экенин көрөсүң. Маал-маалы менен уюштурулган турнирлер бильярд күйөрмандарынын бүйүрүн кызаткан темалардын бири. Жеке ишкерлердин күчү менен өз алдынча өнүгүп жаткан бильярд оюну тууралуу Оштон кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.