Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

АКШ баш прокурору 46 прокурордун кызматтан кетүүсүн талап кылды


Жефф Сешнс.
Жефф Сешнс.

АКШнын баш прокурору Жефф Сешнс 46 федералдык прокурордун кызматтан кетүүсүн талап кылды. Кошмо Штаттарда мурдагы президент дайындаган прокурорлор жаңы президент ишке кирген соң кызматтан кетет. Учурда өлкөдө иштеп жаткан 93 федералдык прокурордун 46сын мурдагы президент Барак Обама дайындаган.

АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Сешнстин талабын бардык тепкичтеги прокурорлордун мыйзам чегинде алмашуусун камсыз кылуу менен түшүндүрүштү.

Кызматтан кетчүлөрдүн арасында Нью-Йорктун Түштүк округунун прокурору Приит Бхарара да бар. Аталган прокурор Орусия менен байланышкан бир нече чырлуу иштерди ачып, аларды тергеген.

“Америка добушу” радиосу прокурор Бхарара президенттик шайлоодон соң Дональд Трамп менен жолугуп, өз ишин улантуу боюнча сунуш алганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG