Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Жалал-Абад: эки фракция шаардык кеңешти таратууну сунуштады


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Журт” фракциялары шаардык кеңешти таратуу демилгеси менен чыкты. Аталган фракция мүчөлөрү мындай жол менен шаардык кеңеште жаралган талаштуу абалды жөнгө салууну сунушташууда.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбековдун айтышынча, тиешелүү сунуш шаардык кеңештеги калган үч фракцияга жолдонду.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги чыр эки айдан бери уланып келатат. Буга чейин шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары коалиция түзүп, төраганы шайлоого аракет кылган. Ал учурда Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциясы сессияга баруудан баш тартышкан. Кийинчерээк “Республика-Ата Журт” фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, азчылыкта калган Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциялары менен бир альянска бириккен эле. (BkA/RsK)

XS
SM
MD
LG