Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 04:18

11-мартта Кыргыз улуттук драма театрында жаш төкмө акындар катышкан “Жаш таңдай” айтышы өттү. Бул тууралуу “Айтыш” фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул жолку айтыш белгилүү төкмө Ашыралы Айталиевдин 90 жылдык мааракесине арналды. Ага өлкө аймактарынан келген 16 жаш төкмө катышты.

Бир нече тепкич менен өткөн айтыш жыйынтыгында Болот Назаров баш байгеге ээ болду. Баш байге ээсине 150 миң сом сыйлык берилди. Биринчи орунга Мундузбек Усупбаев, эки орунга Темирбек Матыбаев, ал эми үчүнчү орунга Асылбек Маратов татыды.

Кыргыз жана казак элдерине кеңири тараган айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирген.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG