Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Стамбулда жана Роттердамда нааразылык акциялары өттү


Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккандар.
Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккандар.

Жекшемби күнү Түркияда наарызылык демонстрациясына чыккандардын бири Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугуна кирип барып, падышачылыктын туусун түрктөрдүкүнө алмаштырып салган.

Демонстрант тууну алмаштырган соң “Аллоху Акбар” деп кыйкырып, качып кеткен. Бир нече мүнөттөн соң Нидерланддардын туусу өз ордуна коюлду.

Нидерланддар менен Түркиянын ортосундагы чыңалуудан улам коопсуздук маселесине байланыштуу консулдук убактылуу жабылган.

Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына жүздөй адам чыкты. Алар Нидерланддардын бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагын кондурбай койгонуна нааразычылык билдиришти. Акцияга чыккандар консулдуктун имаратынын алдына кара гүлчамбар коюп “Нидерланддар биздин чыдамыбызды сынабагыла” деп кыйкырып турушту.

Ушундай эле митинг Нидерланддардын Роттердам шаарындагы Түркиянын консулдугунун алдында өттү. Нидерланддардын тышкы иштер министри туунун алмаштырылышына байланыштуу билдирүү жасап, эки ортодогу кырдаалды “түшүнүксүз” деп атады. Нидерланддардын өкмөтү Анкара Түркиянын аймагындагы бардык дипломатиялык миссиялардын коопсуздугу үчүн жооп берерин эскертишти.

XS
SM
MD
LG