Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Түркия президенти Нидерланд өкмөтүн айыптады


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

12-мартта Стамбулдагы сыйлык тапшыруу аземинде президент Режеп Тайып Эрдоган бир күн мурда айткан сөзүн кайталап, Нидерланддардын өкмөтүн “нацизм жана фашизм” үчүн айыптады:

-Соңку бир нече күндө Батыш анык жүзүн көрсөттү. Окуялар башталганда бул фашисттик басмырлоо деп айттым. Мен нацизм өлгөн деп ойлогом. Андай эмес экен, нацизм Батышта жоголбоптур, мен жаңылыптырмын.

Эрдоган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглуга Франциянын Мец шаарында 12-мартта өткөн митингде түрк жарандарына кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк бергени үчүн француз бийликтерине ыраазычылык билдирди.

Эрдоган өткөн жумада ушуну менен экинчи жолу НАТО боюнча өнөктөштөрүнө карата нацизм деген сөздү колдонуп айыптады. Буга чейин 5-мартта түрк диаспорасына митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгону үчүн Германияны “нацисттик тажрыйбаны колдонуп жатат” деп айткан.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рутте Эрдогандын билдирүүсүн “чектен чыккан, акылга сыйбас” деп сындады. 12-мартта тараткан билдирүүсүндө Рутте эки өлкө ортосундагы чыңалууну жоюу үчүн болгон аракеттерди көрөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG