Ал мекендештерин опузалап, акча талап кылып жүргөн деп айыпталууда. Орусиянын НТВ телеканалынын маалыматына караганда, милицияга «Шериктештик» («Ҳамдўстлик») уюмунун жетекчиси Талиб Исажановдун үстүнөн даттанып 70ке жакын өзбек мигрант кайрылган. 4-мартта ал курулуш объектилеринин биринде мекендештеринен кезектеги акча алып жаткан жеринен кармалган. Тула шаарынын соту Талиб Исажановду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
НТВ телеканалынын репортажында Өзбекстандан барган жүзгө жакын мигрант диаспора лидерине ай сайын 2 миң рублден «салык төлөп турганы» айтылган. Учурунда акча бере албай калгандар ур-токмокко алынып, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышкан.
Жергиликтүү тергөөчүлөрдүн маалымдашынча, өзбек диаспора лидерине Тула шаарындагы кафелердин бири жана бир нече курулуш объектилери таандык. Тинтүү маалында анын үйүнөн көптөгөн каржы документтери, ок-дарылар жана Өзбекстан жарандарынын тизмеси табылган.